7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

UFC беттешинде Макгрегордун буту сынып, Порьеден жеңилип калды (ФОТО)

1502

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Лас-Вегаста өткөн (UFC) 264 турниринин абсолюттук чемпионатында америкалык Дастин Порьеге жеңилип берди. Бул тууралуу “РЕН ТВ” телеканалы тарабынан бүгүн, 11-июлда түз эфирде чагылдырылды.

Маалыматка ылайык, алгач Конор Макгрегор жигердүү кол салып баштаган, көп өтпөй мушкерлер жерге кулап атаандашы аны муунтуп, бир нече сокку урууга үлгүргөн. Биринчи раунддун аягында атаандаштар ордуларынан туруп бара жаткан учурда Конор Макгрегор мүдүрүлүп кетип, бутун сындырып алган. Каналдын берүүсүнөн Макгрегордун буту тетири карап калганын көрүүгө болот. Буга ылайык, эки мушкердин беттеши мөөнөтүнөн мурда аяктап, жеңиш Порьеге жылмайды.

Бул мушкерлердин үчүнчү беттеши. Биринчи жолу алар 2014-жылы бетме-бет келишип, Макгрегор биринчи эле раундда техникалык сокку менен Порьени жеңип алган. Экинчи жолку уюштурулган жекеме-жеке 2021-жылдын январь айында болуп, экинчи раундда техникалык сокку менен Порье Конор Макгрегорду жеңип салган.

Макгрегор 32 жашта, ММА мушташында 22 жолу жеңишке жетип, 6 жеңилүү азасын тарткан. UFC уюмунун алгачкы титулун 2015-жылы алган. Ошондой эле ал уюмдун тарыхындагы бир эле мезгилде  эки титулга ээлик кылган алгачкы мушкер болуп саналат.

Порье 32 жашта, азыркы күрөшкө чейин ал 28 жолу жеңишке жетип, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1503