Ош шаарында добуш берүүгө кирген шайлоочу бюллетенди тытып салды. Окуяга күбө болгон журналисттер шайлоочунун артынан чыгып, себебин сураса, адашып белгилеп алгандыгын айткан.
«Адашып белгилеп алып, башка бюллетень сурасам бербей коюшту. Ошондуктан, адашып белиглеп алган партияны шайлагым келбей тытып салдым»-деп жооп берген.
Окуя катталган №5307 шайлоо тилкесинин төрайымы Гүлбара Алдыракова бул боюнча акт түзүлүп, тытылган бюллетень жараксыз деп табылганын билдирди.
Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого сегиз партия катышып жатат. Калаада 78 шайлоо тилкеси ачылган, шайлоочулардын саны 152 миң 718ди түзөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram