7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК 10 дарыкананы жапты

256

Контрабандалык дары-дармектерди сатуу боюнча мыйзамсыз схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан кампада тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда Европа жана КМШ мамлекеттеринен алып келинген өзгөчө ири өлчөмдөгү дары-дармек каражаттары табылган. Кампа уруксат кагаздары жок иштетилип келген.

Дары-дармектер табылган 10 дарыкананын ишмердүүлүгүнө чектөө коюлду. Мыйзамсыз дары-дармек каражаттары аймактар боюнча, тактап айтканда Ош шаарына жана Ош облусуна, Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарына жана Жалал-Абад шаарына таратылган.

Тинтүү учурунда күчтүү таасир берүүчү психотроптук дары-дармектердин табылган, колдонуу боюнча рецепт кагаздарынын жана дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылып жаткан. Дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келген жаран уюштургандыгы аныкталып, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

257