7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: 16 кабаттуу “Мадина резиденс” турак жайынын курулушу токтотулду

242

Бишкектеги А.Огонбаев көчөсү, 12 дареги боюнча 16 кабаттуу «Мадина резиденс» турак-жай комплексин курууда мыйзам бузуу фактыларын аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, курулуш компаниясынын заказы боюнча иштеген долбоордук уюм тарабынан долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо жалган маалыматтар киргизилип, анын негизинде турак жай комплексин куруу долбоорлору макулдашылган.

“Эреже бузуу катары курулуп жаткан үйдөн 5 метр аралыкта дубалында терезелери бар имарат жайгашкан. Бул факты өрт коопсуздугунун эрежелерин одоно бузуу болуп саналат жана мындан ары ишке ашырылбашы керек. Объектти ишке киргизүүдө белгиленген жагдайлар өрт коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн, ошондой эле үлүшчүлөрдүн турак жайга көчүп киришине жана зарыл болгон турак жай документтерин алууга тоскоол болуп, нааразычылыктарды жаратып, коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизет”, — деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 18-октябрында төмөндөгүлөр кармалган.
— С.Д.М. «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын координациялык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси;
— О.Д.Б. долбоорлоо уюмунун жетекчиси;
— Р.Ж.Т. курулуш компаниясынын жетекчиси.

 

243