2 миллион 750 миң АКШ доллары мамлекеттин казынасына чегерилип, аткезчилик менен алектенген адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-октябрында Баткен районунун Кара-Бак айылында Кыргызстандын жараны Т.А.М. (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү болгон, Баткен райондук соту тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси “Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү” боюнча соттолгон.) башкаруусундагы “O 9240 AG” мамлекеттик номурлу “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Унааны тинтүү учурунда КР аймагына коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, аткезчилик менен алектенген адамдар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан Кыргызстандын жарандары К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 000 миң сомдон айып салынган жана 2 миллион 750 миң АКШ доллары (227 миллион 186 миң 850 сом) мамлекетке чегерилген.