7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды

1250

2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иштери башталды. 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча, Убактылуу Өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө, ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынны аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымдамакчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1251