7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: 9 млн рубль талап кылууга шектелген ИИМдин кызматкерлери кармалды

326

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери кармалды.

УКМК билдиргендей, алар опузалап пара талап кылууга шектелүүдө. Кызматкерлер Россиянын жаранынан кылмыш иши боюнча жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 миллион рубль (болжол менен 100 миң доллар) талап кылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр акчаны түз албай, чет элдик банк эсептери аркылуу бөлүп которуу схемасын колдонгону аныкталган. Акча «Сбербанктагы» карталарга үчүнчү жактар аркылуу түшүп, кийин накталанып, Кыргызстандын аймагында мыйзамдаштырылган.

17-апрелде бөлүм башчы П.М. жана ыкчам кызматкер А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

327