7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Аксыда үч милиция кызматкерин кармады

265

Аксы РИИБнин кызматкерлери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, Аксы РИИБнин Жаңы-Жол ИИБнын аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын капитаны, участкалык улук инспектор- милициянын улук лейтенанты жана участкалык инспектор-милициянын улук лейтенанты арыз ээсинин турак жайына мыйзамсыз кирип, аларда каттоосу жок аңчылык мылтыгын тартып алышкан. Андан соң аталган милиция кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, үйдүн ээсинен 30 миң сом пара алышкан.

Акча талап кылуу токтобогондуктан куралдын ээси УКМКга кайрылган. Натыйжада, аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана эки райондук милиция кызматкери арыз ээсинен кезектеги 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчисинин жашаган жерин тинтүү учурунда мурда алынган ок атуучу куралдар табылган.

Учурда аталган кызматкерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

266