7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ала-Букада жылан уусунун ири партиясын саткандар кармалды

629

Жалал-Абад облусунда күчтүү уулуу зат “Gurza – vipera Leberetna turaniga” ири партиясын сатуу аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка  ылайык, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 АКШ долларына чейин бааланат.

Кармалгандар тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630