УКМК социалдык тармактарга жарыяланган Каракол шаарындагы чек ара бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунованын кайрылуусуна ылайык төмөндөгүлөрдү маалымдайт.
Буга чейин ушундай эле арызды аскер кызматкери Асанакунова УКМКга кат жүзүндө берген. Бул билдирүүнүн негизинде УКМКнын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте тыкыр текшерүү жүргүзгөн, жыйынтыгында анын маалыматы тастыкталган эмес.
Жылдыз Асанакунованын 6-февралда социалдык тармактарга жарыялаган кайрылуусунан кийин Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы, Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча текшерүү жүргүзүлдү.
Документалдуу материалдар изилденип, кызыктар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо, тамак-аш даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок.
Эскерте кетсек, Жылдыз Асанакунова №2028 аскер бөлүгүндө жоокерлерди уруп-согуу, азык-түлүктүн сапаты тууралуу видео кайрылуу жасап, президентке кайрылган.