7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Аялдар канатынын» мүчөлөрү кармалды

1600

“Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмундагы “аялдар канатынын” мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын мүчөлөрү экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келишкен.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштердин жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар “С.Т.”, “М.Г.” жана “М.Н.” камакка алынып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тыюу салынган аталган уюмдарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1601