«3 тоннадан ашык лимон контрабандасы кармалды», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын кызматкерлери менен биргеликте, Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, Кыргыз Республикасынын жараны “С.Н.” аттуу адамдын башкаруусунда бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы кармалган.
Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продукция табылган.
«Такталган боюнча, аталган контрабандалык жүк Кыргыз Республикасынын аймагына коңшу республикадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан киргендиги аныкталды.
Коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу, кармалган контрабандалык жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө максатында унаа “Баткен” бажы терминалына киргизилди. Чогултулган материалдар «Баткен» базысынын маалымат жөнүндөгү журналына катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.