7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Бишкектин эки жол инспекторун кармады

426

Жарандын транспорт каражатын мыйзамсыз тартып алышкан Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Эки инспектор транспорт каражатын Патрулдук милиция башкармалыгынын айып короо жайына киргизүү аркылуу материалдык пайда табуу максатында жаранды пара катары 27 миң сом берүүгө мажбурлашкан, андан кийин баасы 13 миң АКШ долларын түзгөн автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан.

16-сентябрда бул кызматкерлердин жумушчу бөлмөлөрүн тинтүү учурунда мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо фактысын тастыктаган буюмдар табылган.

Кармалган инспекторлор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

427