Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети төмөнкү багыттар боюнча адистерди чакырат:
• маалыматтык коопсуздук;
• аналитика жана маалыматтарды иштеп чыгуу;
• жасалма интеллекттик жана автоматтык иштеп чыгуулар;
• тармактык технологиялар;
• адистештирилген программалык камсыздоону иштеп чыгуу;
• системалык башкаруу;
• криптография жана маалыматтар сактоо;
• бейтараптуу бөлүштүрүлгөн системалар;
• орнотулуучу системалар;
• психологдор;
• киберпсихология жана жүрүм-турумду талдоо адистери;
• учак моделдөө (дрон конструкторлору);
• чет тилдерин билген адистер (2 — 3 же андан көп тил, оозеки жана жазуу тили, сейрек тилдерди билүүсү кубатталат).
Негизги талаптар:
• жашы 30 жашка чейин;
• Middle/Senior деңгээлиндеги адистиги;
• физикалык жактан дени сак, физикалык же психикалык жактан кемчиликтердин жоктугу;
• жогорку билими (иш стажы 2 жылдан кем эмес, анын ичинде өндүрүштүк долбоорлорго катышкандарга артыкчылыктар берилет);
• аскердик кызматын же мобилизациялык резервтик жыйындарын аяктагандыгы боюнча аныктоочу аскердик билети;
• кынтыксыз өмүр баяны (соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да соттуулугу болбоосу зарыл);
• өзгөчө купуялуулукта иштөө боюнча даярдыгы;
• тил үйрөнүү боюнча чет өлкөлүк университеттердин (Япония, АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Европа) студенттерине/бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылыктар берилет.
Кызыккан суроолоруңуздар болсо, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкү байланыш номуруна (0999 012 012 жана WhatsApp) кайрылууну суранабыз.



