7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Чек арадагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат

722

Кечээ, 25-сентябрда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар “Тамдык” (КР) жана “Бедак” (ТР) чек ара заставаларынын аймактарында, “Булак-Башы” (КР) жана “Кех” (ТР), “Катта-Туз” (КР),  “Каракчыкум” (ТР),  Чайхана аймагындагы “Ак-Сай” (КР) жана Хожай-Ало аймагындагы “Шаршара” (ТР) постторунда чек ара кошуундарынын эч кандай түрүн чыгарууга жана мындан ары жайгаштырбоого макулдашышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүмдөрдөгү имараттар жана курулмалар алынат. Бул протокол Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Учурда аталган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууну тараптардын көчмө чек ара отряддары ишке ашырып, алар чек араны бойлото, тараптар белгилеген жана макулдашылган чекте кызмат өтөшөт.

Кол коюлган протоколго ылайык, тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана  Тажикстан Республикасынын жарандары бул чек ара мыйзамдуу түрдө катталганга чейин кандайдыр бир башка иштерди жүргүзүүгө  ашырууну токтотот.

Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын негизсиз, ашкере сындоолорго, чек арадагы чыңалууну сактоого кызыкдар болгон Кыргыз Республикасындагы жана Тажик Республикасындагы күчтөрдүн деструктивдүү чакырыктарына алдырбоого, аларды мамлекеттин жана анын жарандарынын таламдарына каршы пайдаланууга жол бербөөгө чакырат.

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын комиссиясынын тиешелүү иштери уланууда. Буга байланыштуу коомчулукту жана калкты кырдаалды курчутууга кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдүн манипуляциялоосунун куралы болбостон, жарандык позициясын көрсөтүүгө жана чек арадагы талаштуу маселелерди өз ара пайдалуу жана тынчтык жолу менен тез арада чечүүгө өлкө бийлигине жардам берүүгө чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723