7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Имамидин Ташов мамлекетке батирлерин берип, үй камагына чыкты

416

Курулуш компанияларынын бири тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө келтирилген зыяндын орду мамлекетке төлөндү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз турак жай куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 батир жана 52,4 миллион сомдук 1 коммерциялык жай муниципалдык менчикке кайтарылган.

“Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан белгиленген максатка ылайык келбегендигине карабастан, жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыккандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “О” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын ордуна 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, сатып жиберген.

Көрүлгөн комплекстүү чаралардын жыйынтыгында курулуш компаниясынын ээси – Имамидин Ташов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп, Биринчи Май райондук сотунун 8-декабрындагы чечиминин негизинде анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

417