Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде УКМК Каракол шаарындагы күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүздү.
Маалыматка караганда, 16 күрөөканага мөөр басылып, калгандарына карата текшерүү иш-чаралары улантылууда. Ломбарддардын ээлери жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
УКМК жарандарды насыя жана башка мүлккө байланыштуу документтерди алууда, кол коюп жаткан документтерин кылдаттык менен карап чыгууга чакырат.
Эгерде күрөөкана кызматкерлеринин алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерине туш болсоңуз, (03922 5-11-80) ушул номер аркылуу кайрылууну сунуштайбыз.



