7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК казакстандык Камалутин Халиковго издөө жарыялады

297

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча Казакстандын жараны Халиков Камалутин Магомедовичке издөө жарыяланды.

Халиков Караганды облусунун бокс федерациясынын президенти, курулуш тармагында каржылык мүлкү бар. Мурда Казакстан аймагында уюшкан кылмыштуу топту түзгөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Кыргызстандан Казакстанга контрабандалык товарларды алып өтүү менен алектенген.

Ал Камчы Асанбектин оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен соттолгонун билип туруп, биргелешкен бизнес долбоорлорун жүргүзүү үчүн КРнын аймагында анын колдоосун алуу максатында «мыйзамдагы ууру» атыккан Асанбек менен байланыш түзгөн. Бир нече жолу Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында эс алуу учурунда К.Асанбек менен жолугушууларды өткөргөн.

Халиковко карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, издөө жарыяланды.

298