7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-депутат Кубанычбек Конгантиев коррупцияга шектелип кармалды

125

УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында 2026-жылдын 10-мартында 1980-жылы туулган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду.

Тергөө маалыматтарына ылайык, ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында К.К.К. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

УКМК жарандарды жана кызмат адамдарын коррупциялык аракеттерден алыс болууга, пара албоого жана бербөөгө, мыйзамдарды жана коррупцияга каршы саясаттын нормаларын так сактоого, ошону менен ачык-айкын жана мыйзамга баш ийген чөйрөнү калыптандырууга чакырат.

126