УКМК «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын кеңсесинде тинтүү иштерин жүргүзүүдө. УКМКнын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бирок кайсы берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткандыгы азырынча белгисиз.
Буга чейин «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын кеңсесинде УКМКнын кызматкерлери иштеп жаткандыгы айтылган болчу. Айрым маалыматтарга караганда, кассаны жана оргтехниканы алып кетишкен.