Курал-жарак жана ок-дарыларды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Жети жаран, ошондой эле Чек ара кызматында азыр эмгектенип жаткан Э.К.К. жана мурда иштеп кеткен А.у.Н. РГД-5 согуштук гранаталарынын ири партиясын сатууну пландаштырганын аныктаган.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Чек ара кызматынын кызматкерлери менен кылмыштуу бүтүмгө келген. Кыргызстан менен Тажикстандын куралдуу кагылышуусунун учурунда РГД-5 гранаталарын колдонуу шылтоосу менен ишенип берилген мүлктү уурдап, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө сатып жибергени аныкталган.
Жарылгыч заттардан сырткары башка куралдар да болгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында төрт РГД-5 гранатасы, кыскартылган мылтык, 7,62 мм жана 5,45 калибрлүү ок-дарылар алынган.