7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деп 3 млн акча алган жаран кармалды

116

Чүй облусунда УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандардын акча каражаттарын алдамчылык жолу менен ээлеп алган Н.Х.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Н.Х.А. УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандарга белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн, КР ИИМ өндүрүшүндө турган кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча маселени чечүүгө жардам берүүнү убада кылып, 3 000 000 сом өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган.

Кийинчерээк, берген убадасын аткарбагандыгы үчүн жаранга карызын кайтаруунун ордуна, шектүү жабырлануучуларга кысым көрсөтүп, «Кызмат адамына пара берүү боюнча» кылмыш ишин козгоо менен коркуткан.

УКМК Н.Х.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды КР УКМКнын Штаб-квартирасынын 0312-66-04-75, 0312-62-65-04 телефондоруна кайрылууну суранат.

117