7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кызматкерлеринин кичи-футбол боюнча мелдеши аяктады

198

Бүгүн, 1-декабрда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган кичи-футбол боюнча мелдеш аяктады.

       Аталган турнирге УКМКнын Борбордук аппаратынын, аймактык башкармалыктардын, ошондой эле КР УКМК Чек ара кызматынын жана  УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери жана  УКМКнын ардагерлери катышты.

       Кичи-футбол боюнча мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй:

1 – орунду КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгы;

2 – орунду КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгы;

3 – орунду УКМКнын “Маалымат коопсуздук борбору” мамлекеттик мекемеси;

4 – орунду КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы;

5 – орунду КР УКМКнын «АЛЬФА» атайын багыттагы кызматы ээледи.

       Турнирдин жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө кубоктор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

       Мелдештин салтанаттуу жабылуу аземинде УКМК  төрагасы Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, турнирге катышкан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. Төрага спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун өбөлгөсү катары аскер кызматчыларынын дене-тарбия даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өздүк курамга тиешелүү тапшырмаларды берди.

 

199