7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды»

1109

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгында жеке ишкерлерден пара алган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Б.Т. мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Ал кол алдындагы кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча алуу түрүндө коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.

Кечээ, 30-мартта аталган жаран кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден системалуу түрдө пара алуу жана аталган салык кызматынын инспекторлору менен башчынын ортосунда бөлүштүрүү фактылары катталды», — деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, УКМК көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз иш аракеттер болгон учурда, 0312 66 00 20 номерине же Whatsapp 0501 66 00 20 ишеним телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1110