7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК массалык башаламандыкка чакырган жаранды аэропорттон кармады

390

Социалдык тармак аркылуу массалык башаламандыкка чакырган жаран кармалганын УКМК кабарлады.

«Манас» эл аралык аэропорту аркылуу Бишкек — Москва маршруту боюнча өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган учурда Facebook соцтармагынын деструктивдүү аккаунттун ээси Б.Ж.А. аттуу жаран кармалды.

Ал Facebook аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы контенттерди жарыялоо менен алектенген.

Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

УКМК массалык баш аламандык уюштуруу жана ага катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул үчүн КР мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралган.

391