Кечээ, 26-июнда Кыргызстандын муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды.
Шайлоодон кийин айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда УКМКнын кызматкерлери муфтийди шайлоого кийлигишип, айрым талапкерлерге кысым көргөзүп жатат деген маалымат тарады.
Бул маалыматты УКМКнын маалымат кызматы четке какты.
«УКМКнын кызматкерлери муфтийди шайлоого кийлигишип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени УКМКнын Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишине кийлигишүүгө укугу жок, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык дин мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн«, -деп жазылган.