7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 62 миңден ашуун алкоголдук бөтөлкө табылды

486

УКМК тарабынан акциздик товарлардын топторунун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө акциздик маркалары жок алкоголдук продукциянын ири партиясын сатуу максатында сактоо фактылары аныкталды.

Кызыл-Кыя шаарынын Жаш Гвардия көчөсүндө жана Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Додосян көчөсүндө жайгашкан кампаларда соттун чечиминин негизинде тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 62 миң бөтөлкөдөн ашык алкоголдук ичимдиктер табылып, анын ичинен 51 миң 600 бөтөлкөдө күмөндүү акциздик маркалар (арак, коньяк жана сыра) болгон.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгарылган алкоголдук продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгын тактоо максатында экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы боюнча чаралар көрүлөт. Мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү фактысына жол берген салык кызматынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу текшерилүүдө.

Анын натыйжасында төлөнбөгөн салыктардан өлкөнүн бюджетине олуттуу материалдык зыян келтирилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487