Нарын шаарынын мэри парламенттик шайлоодо акча алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Руслан Чойбеков депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражат алгандыгы үчүн кармалган.
«18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча жогоруда аталган алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип, УКМКнын тегөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп берилет маалыматта.