7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топ уурдашы мүмкүндүгүн 2 жыл алдын эскерткен

2838

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет – “Сапат” билим берүү мекемелеринин мурдагы башчысы Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү уурдаган болушу мүмкүндүгүн билдирет. Себеби УКМК Орханга 2 жыл алдын бул боюнча эскертүү берген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«УКМК КР жараны Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча 2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кун алуу максатында О.Инандыны уурдап кетүү ниети жөнүндө алынган маалыматка байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинде («Адам уурдоо») каралган кылмыш белгиси боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында текшерүү иш-чаралары уюштурулган. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын тергөө органдары тарабынан О.Инандыга уурдоо коркунучу тууралуу маалымат берилген. Ушуга байланыштуу улуттук коопсуздук органдарынын жүргүзүп жаткан текшерүү иш-чаралары менен катар ага жеке коргоону тартуу жана зарыл болгон сактык чараларын көрүү жөнүндө сунуштама берилген«-деп жазылат расмий билдирүүдө.

Учурда УКМК аталган кылмышка катыштыгы бар адамдарды издөө иштеринде Ички иштер министрлигине  көмөктөшүп, ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2839