7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ошто эки бажы кызматкери кармалды

144

Ошто бажы кызматынын эки инспектору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, «Ош» бажысынын «БИМИ Ош сервис» бажылык тариздөө пунктунун текшерүү тобунун инспекторлору К.У.Т. жана Т.А.М. кармалган.

Тергөөдө бажы кызматкерлери айрым тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык сый акы алуу үчүн товарларды тиешелүү текшерүүдөн өткөрбөй, туура эмес декларацияланып өтүшүнө көмөктөшкөнү аныкталган.

Натыйжада мыйзамда каралган бажы жол-жоболорунан жана көзөмөлдөн качууга шарт түзүлүп, мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилгени айтылды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыштуу схемага катыштыгы бар башка бажы кызматкерлерин аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

145