7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Талас мэриясындагы коррупциялык схеманы аныктады

358

Талас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгында коррупциялык механизмдер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Талас шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылы Талас шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы “Байбарс-Курулуш” ЖЧКсы менен шаардык сейил багын куруу боюнча жалпы суммасы 4 млн 880 миң сомго келишим түзгөнү аныкталган. Атайын адистерди тартуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин наркын ашыкча баалоо фактылары аныкталып, мамлекетке 2 миллион 100 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, шаардык сейил багын курууга долбоордук-сметалык документтер такыр иштелип чыкпаганы, бул мыйзамсыз курулуштарды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну көрсөттү.

Учурда иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

359