7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Талас облустук ооруканасын оңдоодогу бааларды негизсиз жогорулатуу фактысы аныкталды

318

Талас облустук бириктирилген ооруканасынын оңдоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин баасын жогорулатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жеке ишкананын жетекчиси Д.А. аттуу жаран Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл боюнча Ч.К. аттуу адиси менен сүйлөшүп алып, аткарылган иштердин баасын негизсиз жогорулаткан. Келтирилген зыян 900 миң сомдон ашкан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши ачылган.

Учурда компаниянын жетекчиси Д.А. Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Ал эми адис Ч.К. ооруп жатканына байланыштуу кылмышка шектүү болгондугу тууралуу кат берилип, суракка келүү милдеттенмеси алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

319