Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу Ильич кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Чечим “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муинципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна (ишеним жоготуу) ылайык кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 27-октябрда Марсбек уулу Ильич УКМК тарабынан кармалган.