7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Таш-Көмүрдүн вице-мэри менен департаменттин директорун кармады

17

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Таш-Көмүр шаардык администрациясынын кызмат адамдары тарабынан Шамалдуу-Сай шаарында Теңдик айылында, Чуют-Сай айылында жана Ноокен районундагы Кызыл-Алма айылында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин жакын туугандарынын жана байланышы бар адамдардын пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкенин, жасалма аукциондорду арзандатылган баада өткөрүү аркылуу, натыйжада муниципалдык бюджетке олуттуу зыян келтирилгенин аныкталды.

“Темир жолдун боюндагы суу коргоо зонасында жана санитардык коргоо тилкесинде коммерциялык объектилер үчүн жер участокторун бөлүп берүү фактылары аныкталган.
Бул фактынын негизинде, 2025-жылдын 22-октябрында Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри К.Н.А. жана мэрияга караштуу Муниципалдык менчик департаментинин директору К.У.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди”, — деп жазылат маалыматта.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

18