7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК тергөөчүнү пара алып жаткан жеринен кармады

334

УКМК тарабынан Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү юстициянын капитаны Б.У.А мыйзамсыз кирешелерди алуу жана жеке баюу максатында, кармалгандар менен жолугушууга уруксат берүү үчүн системалуу түрдө опузалап акча алууга шарт түзгөн.

Ал ар кандай кылмыштарды жасоого шектелген жана камакта жаткан адамдар менен жакын туугандарынын жеке жолугушуусун өткөрүү маселесин чечүү укугуна ээ болуп, ар кандай негиздер жана негизсиз шылтоолор менен чечимди создуктуруп, жолугушууга уруксат берүүдөн баш тарткан.

24-февралда аталган тергөөчү камактагы адамга жолуктуруу үчүн кезектеги параны алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө — ыкчам иш-чаралар улантылууда.

 

335