«Кумтөр» компаниясы жергиликтүү билим берүү мекемелерине жабдууларды жаңылоого жана материалдык-техникалык базаны жакшыртууга жардам көрсөтүүнү улантууда.
2020-2024-жылдар аралыгында компания тарабынан төмөнкүдөй жардам көрсөтүлдү:
-Түп районунун С. Орозов атындагы балдар музыкалык мектебине жабдуулар жана аспаптар сатып алынды.
-Бишкектеги Биринчи май районундагы №16 атайын бала бакчасына китептер, оюнчуктар берилди.
-Караколдогу Алдаяр уулу Мойт Аке атындагы инновациялык гимназияга заманбап интерактивдүү панелдер алынды.
-Техникалык университеттин профессионалдык колледжинде оргтехника, эмерек жана курулуш материалдары берилди.
-Кочкор районундагы айылдардагы орто мектептерге жана Тамга айылындагы жалпы билим берүүчү мектепке керектүү жабдуулар алынды.
-Түп районунун Өмүр Баатыр атындагы №14 мектепке жана «Аянур» балдар бакчасына оргтехника алынган.
-Тогуз-Булак айылындагы Ж. Асаналиев атындагы орто мектепке компьютерлер берилди.
-Караколдогу үч мектепке интерактивдүү панелдердин 5 даанасы берилди.
-Жети-Өгүз районунун Турдубек Дыйканбаев атындагы жалпы билим берүүчү мектебине музыкалык аппаратура сатып алынды.
-Мураталы Күренкеев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерттик залына оргтехника берилди.
Компания Караколдогу Кыргыз-түрк лицейиндеги 9-класстын окуучусуна Индонезияда өткөн Азия өлкөлөрү арасындагы химия боюнча Олимпиадага катышуусуна колдоо көрсөтүп, жыйынтыгында күмүш медаль утуп алган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram