7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: ЦУМдагы бомба боюнча кабар берген аял кармалды

2017

Кечээ, 9-август кечке маал «Айчүрөк» соода түйүнүнө жардыруучу зат коюлган деген маалымат таркап, соода түйүн күч түзүмдөрү тарабынан эвакуацияга алынган. 2 сааттык текшерүүдөн кийин, маалымат жалган экендигин жарыялаган УКМК, бүгүн, 10-август билдирүүнү жиберген аял колго түшкөндүгүн кабарлайт.

Бул факты Кылмыш -жаза кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүмү (Террористтик акт жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган Сокулук районунун тургуну «Г.З.А.» Свердлов РИИБине террордук акт жөнүндө жалган маалматты  жиберүүгө айыпталып кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ал жолдошунун мурдагы аялы менен чырдаша кеткендиктен, жолдошун коркутуу максатында «ГУМ Чынар» соода борборунун имаратынан «Нур Телеком» ЖАК уюлдук компаниясына таандык сим-картаны алып, милицияга барымтага алынгандыгын айтып кабар жибергени аныкталган.

УКМК учурда кылмышка шериктештерин, уюштуруучуларды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканын кабарлайт. 

«Айрым жарандардын  мындай жоопкерчиликсиз жана ойлонулбаган аракеттери коопсуздукту жана укук коргоо органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын өлкөдөгү коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн түздөн -түз функционалдык милдеттеринен алыстатууга алып келет. Андыктан билип туруп ойлонулбаган аракеттерди жасабоону суранабыз!», -дейт УКМКнын маалымат кызматы.

Ошону менен бирге террористтик актыларды билип туруп жалган билдирүү таратуучуларга КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 228 -беренеси менен 3 жылга чейин эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2018