11-августка карата коронавирустан 7 бейтап каза болуп, 771 бейтап айыгып чыкты. Ал эми лк боюнча 382 адамдан жаңы учур аныкталган. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Жаңы жуктарган учурлар өлкө аймагы боюнча;
- Бишкек шаарында – 218,
- Ош шаарында – 5,
- Чүй облусунда – 52,
- Ош облусунда –17,
- Талас облусунда – 5,
- Нарын облусунда – 10,
- Ысык-Көл облусунда – 39,
- Жалал-Абад облусунда – 11,
- Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 455 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 31 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 51 киши айыгып чыкса, 2 миң 420 адам каза болду.