7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калькулятор менен орус кызды коюп жиберген иш, башка берене менен каралмак болду

2382

Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин укук коргоо органдары аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен каттоого алынгандыгы кабарланган. Ага нааразы болгон тараптар интернет айдыңында коомдук пикир жаратып, тийиштүү ведомстволорго нааразычылыктар айтылган.

Талкуу Россиянын Гос.думасына чейин жетип, Жириновский сыяктуу бакырчаак депутаттардын бир күндүк пиарына жем таштады. Ал Кыргызстандагы орус тилдүү калкты коргоону гана талап кылбасан, Россиясынын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алуу, кыргыз-орус экономикалык карым-катнаштарын токтотуу сыяктуу сунуштарын айтып,элчиликтин алдына митингке чыгууга да үлгүрдү.

Окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Оюн-зоок жайынын тейлөөчү кызы менен уруша кеткен киши кызды калькулятор менен уруп жибергени тасмага түшүп калган. Өз арызында жабырлануучу кыз, кардар кыргы-тилинде сүйлөөсүн талап кылгандыгын билдирген.  Милиция чыр салган киши 29 жаштагы А.А. экенин аныктап, Октябрь РИИБинин жорук иштери боюнча бөлүмүнө алып келген.

Кыздын алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындын сырткары, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо боюнча да буйрук чыкканы маалым болду.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2383