7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев жалган маалымат тараткан

340

УКМК Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу УКМК кабарлады. 

«Мурдагы Башкы прокурору К.Зулушевдин, «Мегаком» компаниясынын мурдагы жетекчиси А.Жамангуловдун жана башка адамдардын катышуусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешинин вице-спикеринин жогоруда айтылган сөздөрү тастыкталган жок. Анын айткандарын тастыктай турган фактылар жок экенин Н.Сыдыгалиев өзү да мойнуна алды.

Депутат Н.Сыдыгалиев билдирген маалымат анык эмес жана чагымчыл мүнөзгө ээ болгондуктан, бул өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарына жарандардын ишеним көрсөтпөөсүн жаратышы мүмкүн болгондуктан, УКМК органдары Н.Сыдыгалиев менен мындан ары мындай ачык чындыкка жатпаган пикирлерге жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүштү» — деп айтылат билдирүүдө.

 

341