7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жалил Атамбаевге дагы 50 миллион сом төлөө милдеттендирилди

411

 

«Мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча шектелип кармалган ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун толтурууга даяр экендигин билдиришкен.

«Тергөө иштеринин журүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Атамбаев, ошол эле учурда мыйзамсыз ишкердик иш менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталды.

Бүгүнкү күндө Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50 миллион 500 миң сомдон сомдон ашык каражат салган, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады», — деп айтылат маалыматта.

412