7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Жамалбек Ырсалиевдин кармалышынын чоо-жайын ачыктады

211

Бишкек шаарынын мэринин орун басары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, алты жылдан бери Туңгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанындагы 1500 чарчы жер мыйзамсыз пайдаланылган. Ал жерге төрт жеңил конструкциядагы коммерциялык объект жана беш балдар аттракциону орнотулган.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында Ы.Ж.С. 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турганда (азыркы учурда Бишкек шаарынын мэринин орун басары) жеке баюу максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, жогоруда аталган коммерциялык объекттерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөткөн. Алар Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксат берүүчү документтери жок иштеген, буга байланыштуу жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрүнүн түшпөй, олуттуу зыян келтирилген.

Мындан тышкары, Октябрь райондук администрациясы бул жерге сейил бак жана балдар аянтчасын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылганы айтылган. Бул жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын туудурган.

Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан объектилер демонтаждалып, балдар аянтчасынын курулушу башталды. Ал эми жер тилкенин ижарасынан алынбай калган пайда 2 миллион 979 миң 889 сом көлөмүндө эсептелди.

16-июлда Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. жана жаран В.Н.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

212