7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жеке медициналык лабораториялардын ишмердүүлүгүндөгү коррупция аныкталды

673

Жеке медициналык лабораториялардын ишмердүүлүгүндөгү коррупция аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында элге лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн жеке менчик “Е” медициналык лабораториясынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.

Аталган компания саламаттыкты сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштыруу боюнча артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында медициналык мекемелердин жетекчилерине жогоруда аталган лабораторияда гана лабораториялык изилдөөлөрдү базар баасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн акча каражатын системалуу түрдө берип турганы аныкталган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер, анын ичинде маркетингдин мыйзамсыз ыкмаларын жана өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн медициналык кызматкерлерге накталай акча каражатын төлөө менен абийирсиз атаандаштыктын колдонулушун тастыктаган кош бухгалтерия алынган.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн бюджетине салыктарды төлөөдөн качуу фактыларын да күбөлөндүрүп, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогорулатууга алып келет. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган ишкананын жетекчиси кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674