7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК жетекчилиги менен байланышына жамынып, 1 млн доллар опузалаган жаран кармалды

277

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги менен байланышка жамынып, 1 млн АКШ долларын опузалаган Кыргызстандын жараны кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 18-мартта УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында КР жараны Ю.Ж.А. кармалган. Ал УКМК жетекчилиги менен тыгыз байланыштамын деген шылтоо менен уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбек жана аффилирленген жактар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде эл аралык издөөнү жана кылмыш куугунтугун токтотуу үчүн ишкердик субъекттердин өкүлдөрүнүн биринен 800 миң доллар алгандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Ю.Ж.А. кармалып, КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

278