7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: ЖАМУнун мугалими 50гө жакын абитуриентти алдап, акча алып турган

268

Манас шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу К.З.А. системалуу түрдө алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал абитуриенттерди адаштырып, сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып, андан соң экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу менен мамлекеттик үлгүдөгү диплом берем деп убада кылганы аныкталган.

“Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алдамчы мезгил-мезгили менен жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди «жабуу» үчүн акча алып турган. Учурда тергөө тарабынан кармалган октуучунун акыркы 5 жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталды”, — деп берилет маалыматта.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы аталган К.З.А.нын иш-аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо (03722) 5-60-49 жана (0556) 06-18-83 телефондору аркылуу кайрылууну сунуштайт

269