Мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча УКМКнын Бишкек шаары боюнча райондук бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкектин кымбат баалуу жер тилкелерин пайдаланууга берүүгө катыштыгы бар деген шек менен кармалууда.
«Тергөөнүн маалыматына ылайык, жогорку кызматтагы адам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка кызматтагылар менен бирге Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине басым жасаган. Шектүүлөр жер тилкелерин өздөрүнүн тааныш жактарына мыйзамсыз каттатууга мажбур кылышкан. Учурда иликтенип жаткан кылмыш иши уланууда», — деп берилет маалыматта.