7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын «Калкан» командасы эл аралык мелдеште 4-орунду алды

547

УКМКнын «Калкан» 9-атайын кошуунунун командасы «The UAE Swat Challenge 2024» атайын бөлүкчөлөрүнүн арасындагы эл аралык мелдеште жалпы командалык эсепте 4-орунду, ал эми жеке машыгууларда «Калкан» күчтөрү беш жолку мүмкүнчүлүктө үч жолу 2-орунду ээледи.

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында болуп өткөн эл аралык мелдешке 40тан ашуун өлкөнүн, 70тен ашуун командасы катышып, анда «Калкан» 9-атайын бөлүкчөлөрүнүн командасы алдыңкы тайпалардын бири катары 4-орунга ээ болду. 3-7-февраль күндөрү болуп өткөн эл аралык сынак атайын даярдыктагы аскерлерге өз өнөрүн, кесипкөйлүгүн жана достук мамилесин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Мелдештин биринчи күнүнөн тарта “Калкан” атайын күчтөрүнүн командасы эң татаал кырдаалдарда мыкты чеберчиликти, укмуштуудай күчтү, тартипти жана тапкычтыкты көрсөтүштү. Тайпанын ар бир мүчөсү ийгиликке жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, дүйнөнүн төрт бурчунан келген командалардын курч атаандаштыгына карабастан, жеңиштин жолунда турган бардык кыйынчылыкты жеңип чыга алды.

Патриоттуулукка жана күчтүү духка негизделген “Калкан” атайын багыттагы отряды кийинки мелдештерде да, өзүнүн күжүрмөн чеберчилигин көрсөтүүгө даяр.

Белгилей кетсек, 2023-жылы “Калкан” спецназынын командасы жалпы командалык таймашта 8-орунга ээ болсо, жеке машыгуулардын биринде 3-орунга ээ болгон.

548