7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду (ФОТО)

575

Бүгүн, 29-ноябрда УКМКнын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош облустук Башкы башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Эми аталган бөлүмдүн кызматкерлери заманбап жабдуулар менен камсыз болгон, жумуш үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар жаңы имаратта кызматтык милдеттерин аткарып баштады.

Имараттын ачылуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев кызматкерлерге жаңы имаратты тапшырып жатып, алардын кызматтык милдеттерин так аткарууга тийиш экендигин эскертти.
Мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланаарын кошумчалады.

Ачылуу аземинен соң, Камчыбек Ташиев Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен да жолугушту. Аксакалдар менен пикир алмашып, кызыктырган суроолорго жооп берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

576