УКМКнын 9-кызматынын кызматкери джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-10-ноябрында Абу-Дабиде (БАЭ) джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү. Профессионалдык джиу-джитсу боюнча бул чемпионатка 127 өлкөдөн 7000дей спортчу катышты.
Чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясындагы 77 кг салмакта 1-орунду КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээледи.