7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын маалымат кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди

462

УКМКнын маалымат кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой, Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын райондук сот 22-мартка чейин узарткан. Тактап айтканда, ал камакта болмок. Бирок анын жактоочусу апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот кечээ, 2-мартта карап аны эркиндикке чыгарган.

«2-март күнү Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жактоочунун жүйөлөрүн жана иштин учурдагы жагдайларын эске алып, жактоочунун арызы канааттандырылып, Камчы Көлбаевге карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Тактап айтканда, анын жашаган жери Чолпон-Ата шаары болгондуктан, ал жактан чыкпоо жөнүндө милдеттенме алынып, ал бошотулган. Жоопкерчилик УКМКнын жеке көзөмөлүнө болот. Ошол эле учурда тергөө органы ага көрсөтүлгөн милдеттенмени бузган учурда ага карата катуу чара колдонулары түшүндүрүлдү.

УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында, келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык болгон. Шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49 миллион 600 миң сом которушкан. Калган сумманы Көлбаев 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек.

УКМК жогорудагы кылмыш иштер боюнча тергөөнүн жыйынтыктарын коомчулукка маалымдап турат жана кримтөбөл тарабынан туура эмес аракеттер болгон учурда мыйзамда каралган чараларды көрөт», — деп жазылат маалыматта.

463